Policy:Human Rights Policy/ky: Difference between revisions

From Wikimedia Foundation Governance Wiki
Content deleted Content added
Bosogo (talk | contribs)
No edit summary
Bosogo (talk | contribs)
No edit summary
Line 45: Line 45:


* Укук ээлери жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен тынымсыз жана жигердүү өз ара аракеттенүүдөн тышкары, '''адам укуктары жаатында тийиштүү этияттык процессин, анын ичинде [//www.humanrights.dk/tools/human-rights-impact-assessment-guidance-toolbox/introduction-human-rights-impact-assessment адам укуктарынын таасирленүүсүнө мезгил-мезгили менен талдоо] жүргүзөбүз'''. [//www.ohchr.org/EN/Issues/Business/Pages/CorporateHRDueDiligence.aspx Адам укуктары жаатында тийиштүү этияттыгыбыз] иш-аракеттерибиздин жана долбоорлорубуздун бардык аспектилери адам укуктарына кандай таасир этерин аныктап, зыянды солгундатуу жана алдын алууга багытталган.
* Укук ээлери жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен тынымсыз жана жигердүү өз ара аракеттенүүдөн тышкары, '''адам укуктары жаатында тийиштүү этияттык процессин, анын ичинде [//www.humanrights.dk/tools/human-rights-impact-assessment-guidance-toolbox/introduction-human-rights-impact-assessment адам укуктарынын таасирленүүсүнө мезгил-мезгили менен талдоо] жүргүзөбүз'''. [//www.ohchr.org/EN/Issues/Business/Pages/CorporateHRDueDiligence.aspx Адам укуктары жаатында тийиштүү этияттыгыбыз] иш-аракеттерибиздин жана долбоорлорубуздун бардык аспектилери адам укуктарына кандай таасир этерин аныктап, зыянды солгундатуу жана алдын алууга багытталган.
* '''Адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерибиздин аткарылышын көзөмөлдөө жана ачык билдирип туруу''' — бардык сайттарыбыз менен платформаларыбыздагы жалпыга ачык-айкындуулукту жана ачыктыкты камсыз кылуу милдеттенмелерибиздин бир бөлүгү жана [[{{foundationsite|about/transparency/}}|Ачык-айкындуулук отчётторубузга]] кошумча.
* '''Адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерибиздин аткарылышын көзөмөлдөө жана ачык билдирип турабыз''' — бардык сайттарыбыз менен платформаларыбыздагы жалпыга ачык-айкындуулукту жана ачыктыкты камсыз кылуу милдеттенмелерибиздин бир бөлүгү жана [[{{foundationsite|about/transparency/}}|Ачык-айкындуулук отчётторубузга]] кошумча.
* <span lang="en" dir="ltr" class="mw-content-ltr">'''Use our influence with partners, the private sector, and governments to advance and uphold respect for human rights.''' The Wikimedia [[:m:Special:MyLanguage/Wikimedia 2030|Movement Strategy's]] commitment to increase our [[:m:Special:MyLanguage/Wikimedia Foundation Medium-term plan 2019/Global advocacy|global advocacy activities]] both reflects and enables this effort to advance the realization of rights we are uniquely positioned to support, especially the right to share and access information.</span>
* <span lang="en" dir="ltr" class="mw-content-ltr">'''Use our influence with partners, the private sector, and governments to advance and uphold respect for human rights.''' The Wikimedia [[:m:Special:MyLanguage/Wikimedia 2030|Movement Strategy's]] commitment to increase our [[:m:Special:MyLanguage/Wikimedia Foundation Medium-term plan 2019/Global advocacy|global advocacy activities]] both reflects and enables this effort to advance the realization of rights we are uniquely positioned to support, especially the right to share and access information.</span>
* <span lang="en" dir="ltr" class="mw-content-ltr">'''Provide access to effective [//www.ohchr.org/EN/Issues/Business/Pages/AccessToRemedy.aspx remedies].''' In cases where the Foundation's prevention and mitigation strategies have not prevented our products, platforms, or operations from contributing to the curtailment, infringement or violation of human rights, we commit to maintain and improve mechanisms for reporting harms or abuses. We also commit to work with experts and stakeholders to develop or support appropriate forms of redress, proportionate to the type and manner of harm. We commit to avoid obstructing access to other forms of remedy including judicial remedies.</span>
* <span lang="en" dir="ltr" class="mw-content-ltr">'''Provide access to effective [//www.ohchr.org/EN/Issues/Business/Pages/AccessToRemedy.aspx remedies].''' In cases where the Foundation's prevention and mitigation strategies have not prevented our products, platforms, or operations from contributing to the curtailment, infringement or violation of human rights, we commit to maintain and improve mechanisms for reporting harms or abuses. We also commit to work with experts and stakeholders to develop or support appropriate forms of redress, proportionate to the type and manner of harm. We commit to avoid obstructing access to other forms of remedy including judicial remedies.</span>

Revision as of 08:29, 5 May 2024

Бул саясат 2021-жылдын 8-декабрында Викимедиа фондунун Камкорчулар кеңеши тарабынан бекитилген.

Киришүү

Викимедиа кыймылынын көз карашы — ар бир адам баласы бардык билимди эркин бөлүшө алган дүйнө — адам укуктарына таянып, алардын жүзөгө ашырылышын камсыз кылат. Мындай дүйнөнү калыптандыруу үчүн адам маалыматты каалагандай издеп, алып жана жайылта алышы керек. Демек, Викимедиа долбоорлору адамдын өз пикирин эркин билдирүү укугуна негизделет. Бул укук Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 19-беренесинде «Ар бир адам эркин ой-пикирге жана аны эркин билдирүүгө укуктуу; бул укук өз ой-пикирлерин тоскоолсуз жактоону жана маалыматтар менен идеяларды ар кандай каражаттар жана мамлекеттик чек араларга карабастан издөө, алуу жана таркатуу эркиндигин камтыйт» деп бекитилген.

Ар бир адам долбоорлорубузга толук кандуу катышып, алардан пайда таба алышы үчүн, Викимедиа кыймылы дүйнө жүзүндөгү жамааттар үчүн билимге жетүүнү кеңейтүүнү жана ага болгон тоскоолдуктарды жоюуну көздөйт. Билим алууга бардык адамдардын тең мүмкүнчүлүгүнө көмөктөшүп, билимдин чакан топтун колунда гана илгертен бери топтолушуна жол бербей жатабыз. Бийлик түзүмдөрү жана артыкчылыктуу топтор көптөгөн тарыхый окуялар менен көз караштарды көз жаздымда калтырып келишкенин эске алып, биздин эркин билим долбоорлорубуз адамдарды инклюзивдүү, тең укуктуу жана сапаттуу билимге жетишүүдө жана адамдын дискриминацияланбоо укугу жүзөгө ашырууда омоктуу роль ойнойт деген ойдобуз. Кыз-келиндердин, ЛГБТК+ өкүлдөрүнүн, илгертен азчылык болуп келген расалык жана этностук топтордун, майыптыгы бар адамдардын, аз камсыз болгон аймактардагы жамааттардын, ошондой эле эне тилинде тең билим алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртууну көздөйбүз.

Тилекке каршы, жалпы адам укуктары корголбогондо жана сыйланбаганда Викимедиа кыймылынын бардык жердеги бардык адамдарга билим менен бөлүшүүгө жардам берүү мүмкүнчүлүгү чектелет. Демек, Викимедиа фондунун Адам укуктары жаатындагы саясаты бардык долбоорлорубуздагы адам укуктарынын бардык түрлөрүн коргоого умтулганыбызды бекитип, дүйнөлүк кыймылыбызга мындан ары да өсүп өнүккөнгө мүмкүнчүлүк берген саясаттар менен технологияларды коргоо иштерибизге негиз болууда.

Милдеттенмелер

Адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерибиз Адам укуктарынын жалпы декларациясына жана адам укуктары боюнча төмөнкү эл аралык макулдашууларга негизделет:

As a private organization that supports the operation of digital platforms and services, the Wikimedia Foundation is committed to protect and respect all internationally recognized human rights in accordance with United Nations Guiding Principles on Business and Human Rights (UNGPs). The Foundation is a non-profit organization. But our work in developing, operating, and supporting digital platforms and services exposes us, and all people who contribute to or interact with our projects, to human rights risks common to all digital platforms, including those operated by private companies. Thus we are committed to follow the global standards set forth by the UNGPs.

Scope: The Wikimedia Foundation's commitment to protect and respect human rights includes: how we respond to and protect members of our movement against demands and threats from governments that violate the human rights of people who contribute to or interact with the Wikimedia movement; how we respond to and protect against threats by malign non-state actors; how our projects and platforms can protect the rights of children; and all other ways that the activities and operations of our foundation, projects, and movement might affect the rights of employees, volunteers, audiences, and the communities they belong to.

We support human rights defenders (including journalists) who work to peacefully promote and protect human rights, and whose vital work advances and depends upon free knowledge around the world. We condemn all threats, acts of intimidation and retaliation, persecution, and physical and legal attacks against human rights defenders. In addition, we strive to support an ecosystem that promotes human rights, globally, including by advocating for laws that respect human rights.

Relationship to laws: In the context of operating platforms and services around the world, the Wikimedia Foundation recognizes that in some countries, national law may offer weaker protections for our staff, volunteers, and community than international standards or may directly conflict with them. In instances where national law is weaker and we have direct ability to uphold a higher human rights standard, we commit to doing so. Where national law directly conflicts with international standards, we comply with national law in cases where we determine it to be applicable, in accordance with our Applicable Law Determination policy.

Милдеттенмелерибизди кантип аткарганыбыз

Викимедиа кыймылындагы, долбоорлорубуздагы жана алардан тышкары бардык адамдардын адам укуктарын коргоп, сыйлоого умтулабыз, ошондой эле Фонддун баалуулуктарын чагылдырган башкаруу чечимдери аркылуу. Викимедиа долбоорлорунун уюштуруучулары катары биз бул саясатты Викимедиа маданиятына, баалуулуктарына жана Фонддун жетектөөчү принциптерине ылайык ишке ашырабыз: ачыктык, айкындуулук жана Викимедианын эл аралык жамааттары менен кызматташуу аркылуу. Адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерибизди төмөнкүдөй аткарабыз:

  • Укук ээлери жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен тынымсыз жана жигердүү өз ара аракеттенүүдөн тышкары, адам укуктары жаатында тийиштүү этияттык процессин, анын ичинде адам укуктарынын таасирленүүсүнө мезгил-мезгили менен талдоо жүргүзөбүз. Адам укуктары жаатында тийиштүү этияттыгыбыз иш-аракеттерибиздин жана долбоорлорубуздун бардык аспектилери адам укуктарына кандай таасир этерин аныктап, зыянды солгундатуу жана алдын алууга багытталган.
  • Адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерибиздин аткарылышын көзөмөлдөө жана ачык билдирип турабыз — бардык сайттарыбыз менен платформаларыбыздагы жалпыга ачык-айкындуулукту жана ачыктыкты камсыз кылуу милдеттенмелерибиздин бир бөлүгү жана Ачык-айкындуулук отчётторубузга кошумча.
  • Use our influence with partners, the private sector, and governments to advance and uphold respect for human rights. The Wikimedia Movement Strategy's commitment to increase our global advocacy activities both reflects and enables this effort to advance the realization of rights we are uniquely positioned to support, especially the right to share and access information.
  • Provide access to effective remedies. In cases where the Foundation's prevention and mitigation strategies have not prevented our products, platforms, or operations from contributing to the curtailment, infringement or violation of human rights, we commit to maintain and improve mechanisms for reporting harms or abuses. We also commit to work with experts and stakeholders to develop or support appropriate forms of redress, proportionate to the type and manner of harm. We commit to avoid obstructing access to other forms of remedy including judicial remedies.

The Wikimedia Foundation is committed to regular and ongoing improvement. We recognize that the commitments made in this policy take time to implement, and that we must be honest with ourselves, the movement, and the broader public about our successes and shortcomings along the way.

Викимедиа кыймылындагы адамдар

Викимедианын ишинин өзөгүн адам түзөт. Санарип укуктар — адам укуктары. Демек, Викимедиа фонду кызматкерлерибизге жана бөдрөтчүлөрүбүзгө, ыктыярчыларга жана Викимедиа долбоорлорун колдонуп жатышкан адамдарга өзгөчө көңүл бурат. Мындан тышкары, долбоорлорубуздун түздөн-түз катышуучусу же окурмандары болбогон, бирок маалымат чөйрөлөрүнө ишибиздин таасири тийген адамдардын алдындагы жоопкерчилигибизди моюнга алабыз.

Фонддун кызматкерлери

Викимедиа фондунун кызматкерлери менен бөдрөтчүлөрү Викимедиа долбоорлоруна, ыктыярчыларга, демөөрчүлөргө жана окурмандарга колдоо көрсөтүшөт. Кызматкерлерибиз биз менен чогуу эркин билим жана адам укуктары принциптерин бийик тутушат, ал эми Камкорчулар кеңеши ушул саясаттын аткарылышын камсыз кылууга жетекчиликти милдеттендирет.

Викимедиа фондунун бардык бөлүмдөрдүн кызматкерлерин жана бөдрөтчүлөрүн такай окутуу, алардын иши ар бир адамдын жана жамааттардын адам укуктарына кандай таасир этиши мүмкүн экендиги тууралуу кабардарлыгын арттырып туруу боюнча милдеттенмесин ырастайбыз.

Кызматкерлерибиз менен бөдрөтчүлөрүбүзгө карата башкаруучулук чечимдерибизди адам укуктарын жана эмгек ченемдеринин эл аралык стандарттарына туура келтирүүнү көздөйбүз. Фонддун Жүрүм-турум кодексинде кызматкерлер менен бөдрөтчүлөр ортосунда сый-урмат болушу керек экени белгиленсе, ал эми Кыймылдын Жүрүм-турумдун жалпы кодекси Кыймылга катыштыгы барлардын баарына тийиш. Фонд туулган жери, расасы, этносу, жарандыгы, жынысы же гендери, курагы, саясий же диний таандыктыгы, сексуалдык ориентациясы, үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлөлүк катышы, физикалык мүмкүнчүлүктөрү, экономикалык абалы же ден-соолугунун чыңдыгы боюнча басмырлабайт жана андайга жол бербейт. Бардык адамдарга урмат-сый менен мамиле кылууга жана куугунтуктоо, коркутуу менен басмырлоо кездешпеген үзүрлүү чөйрөнү түзүүгө умтулабыз. Мындан тышкары, кызматкерлерибиздин физикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштеп келебиз.

Кыймылдын ыктыярчылары

Викимедиа долбоорлорун ыктыярчылар түзүшөт. Түзөтүүчүлөр менен фотографтар жаңы макалаларды түзүп, учурдагыларын жакшыртышат. Иштеп чыгуучулар платформабызды иштеткен программаларды жазып, тейлеп, өркүндөтүп турушат. Муну менен алар өздөрүн тобокелге салышы мүмкүн — куугунтукка, мамлекеттин аңдуусуна же мамлекеттик жана мамлекеттик эмес субъекттердин жазалоо опузасына учурашы мүмкүн. Ыктыярчылар башка ыктыярчылардын же бөлөктөрдүн куугунтугунан тыш чөйрөгө укуктуу.

Ички коркунучтар: Викимедиа долбоорлору бардык адамдарга таандык болгондуктан, ниети түз ар бир адамдын аларга катышууга мүмкүнчүлүгү болуп, өзүнө карата сый мамилени сезиши керек. Кыймылдын Жүрүм-турумдун жалпы кодекси (мындан ары — ЖТК) бүтүндөй Викимедиа кыймылында жана андагы бардык долбоорлордо орундуу жүрүм-турумдун жалпы пайдубалын түптөйт. ЖТК адам укуктарынын ченемдерине ылайык келип, Викимедиа долбоорлорунда катышкан ар бир адамды барктап, сыйлоо милдеттенмесине негизделет. Викимедиа фонду колдонуучулардын жүрүм-турум эрежелеринин так, майнаптуу жана мыйзамдуу күчкө кымсыз кылуу, ыктыярчыларга коопсуздук куралдарын, анын ичинде кемсинтүүчү материалдарды аныктоо, билдирүү, баалоо жана өчүрүү куралдарын берүү үчүн ыктыярчылар менен тыгыз иштешүүнү көздөйт.

Тышкы коркунучтар: Ыктыярчылар долбоорлорубузга катышканы үчүн Кыймылдан тышкары коркутуп-үркүтүүлөргө кабылышы мүмкүн экенин түшүнөбүз. Викимедиа фондунда ишенимдери же мүнөздөмөлөрү үчүн куугунтукка, репрессияга же кысымга кабылуу тобокели аябай чоң болгон ыктыярчылардын, анын ичинде Викимедиа долбоорлоруна салым кошуп жаткан адам укуктарын коргоочулардын толук коопсуздугун мүмкүн болушунча камсыз кылуу үчүн тийиштүү этияттык кылынат.

Мамлекеттин аңдуусу менен шартталган тобокелдерди азайтуу ишинде Фонд Купуялык саясатын жетекчиликке алат. Өкмөттөрдүн талаптарын канааттандырууда Сөз эркиндигин жана жеке турмуштун кол тийбестигин коргоо боюнча глобалдык тармактык демилге принциптерин жана Купуялык саясатынын «‎Милдеттенмелер» бөлүмүндөгү адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарды жетекчиликке алабыз. Викимедиа Фонду ыктыярчыларын алар тууралуу маалымат сураган өтүнүчтөрдөн коргойт, мындай сурамдар адам укуктарынын стандарттарына туура келбейт.

Долбоорлорубузга жана ишибизге салым кошкондор жана аларга катыштыгы барлар кабылуучу тобокелдерди азайтуу жана солгундатуу жана тике коркунучтардан колубуздан келишинче коргоо милдетибизге жоопкерчиликтүү мамиле кылуудабыз. Ыктыярчыларыбыздын жеке турмушунун кол тийбестигине болгон мыйзамдуу укуктарын өкмөттөр жана таасирдүү мамлекеттик эмес субъекттер тарабынан бузууга жол бербөө үчүн аларга колдоо көрсөтүп, ресурстарды беребиз. 300дөн ашуун тилде иштегенибизди ырастоо менен, Кыймылдын алкагында бири-бирибиздин коопсуздугубузду кантип мыктыраак камсыз кылууга болорун боюнча биргелешкен окуу маданиятын өнүктүрүүгө умтулабыз. Фонддун жетекчилери жана кызматкерлери иштин жүрүшү тууралуу Камкорчулар кеңеши, Кыймыл мүчөлөрүнө жана коомчулукка кабарлап турушат.

Викимедиа долбоорлорунун таасири

Викимедиа долбоорлору эркин билимди дүйнө жүзүнө жеткиликтүү кылуу менен бир катар адам укуктарын камсыз кылууда. Викимедиа фонду адам укуктары жаатында дасыккан кызматкерлердин жетекчилиги астында технологиялар менен өнүмдөрдү иштеп чыгууга милдеттенет. Долбоорлорубузга салымын кошуп же аларды пайдаланып жаткандардын коопсуздугун жогорулатуу үчүн өз тармагында эң мыкты делген технологияларды өздөштүрүүгө умтулабыз.

Бирок, кээ бир долбоорлорубуз ар кандай жамааттардагы жана жалпысынан коомдордогу адам укуктарына атайлабастан терс таасирин тийгизе турган элементтерди, технологияларды же процесстерди камтышы мүмкүн экенин түшүнөбүз Балдар укуктарына тийиштиги бар белгилүү бир тобокелдиктерге баа берүү зарылдыгын түшүнөбүз. Кыянат пайдалануу тобокелдерин да билебиз. Мисалы, кээ бир адамдар жана уюмдар биздин долбоорлорубуз аркылуу жалган маалымат таратканга же тарыхый фактыларды жаап-жашырганга аракет кылышат.

Ниети бузук мамлекеттик жана мамлекеттик эмес субъекттер кээ бир иш-аракеттерибизди же долбоорлорубузду Кыймылдын мүчөлөрүнүн оозун басуу же беделин түшүрүү үчүн түздөн-түз жана атайылап аларга каршы колдонушу мүмкүн. Фонд мындай коркунучтарга карата чараларды адам укуктары, өзгөчө сөз эркиндиги жана жеке турмуштун кол тийбестиги жаатындагы эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүнүн үстүндө жигердүү иш алып барууда. Зарыл болгондо Фонддун кызматкерлери Кризиске чара көрүү протоколун колдонушат.

Фонд ошондой эле балдарды сексуалдык эксплуатациялоо боюнча онлайн материалдар сыяктуу кесепеттүү мазмунду аныктоо жана жок кылуу тутумдарынын жана процесстеринин үстүнөн ыктыярчылар менен иштеп жатат. Мындан тышкары, платформаларыбыздагы бардык мазмун бардык окурмандарга, анын ичинде балдарга туура келбешин түшүнөбүз. Терең тынчсызданууну жаратып, зыян, анын ичинде өзүнө зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн мазмунга кылдат жана этият мамиле кылууну ыктыярчыларыбызга үйрөткөнгө умтулабыз.

Тийиштүү этияттык

Тийиштүү этияттык жана таасирди талдоо процесстери тобокелдиктерди аныктоо жана адам укуктарына, анын ичинде сөз эркиндигине жана басмырлоого жол бербөөгө кол салуунун терс таасирлерин чектөөгө багытталган жумшартуу стратегияларын иштеп чыгуу үчүн маанилүү курал болуп саналат. Тийиштүү этияттыгыбыз биздин операцияларыбыз, долбоорлорубуз жана Кыймылга тиешелүү башка иш-аракеттерибиз адам укуктарына зыян келтирүү, салым кошуу же ага тийиштүү кылуу мүмкүн аспекттердин толук спектрин камтышы үчүн дайыма этият болууга, анын ичинде мезгил-мезгили менен таасирди талдоону жүргүзүүгө милдеттенебиз.

Фонд кызматкерлер жана ыктыярчылар тарабынан гранттар, кампаниялар жана иш-чаралар сыяктуу башка илгерилетүү иш-чараларынан тышкары, жаңы жана учурдагы өнүмдөргө, кызматтарга, функцияларга жана технологияларга (анын ичинде алгоритмдик тутумдарга) колдонула турган тийиштүү этияттык жана таасирди талдоо процесстерин иштеп чыгууга умтулат. Ошол эле учурда, тийиштүү этияттык процесстерин татаал социалдык-техникалык чөйрөдөгү 300дөн ашуун тилде иштеп чыгып, масштабдоо көп убакытты жана ресурстарды талап кылган узак мөөнөттүү маселе экенин түшүнөбүз. Ички жана тышкы долбоорлорубуздагы адам укуктары боюнча ар кандай көйгөйлөрдү талкуулоо, аныктоо жана чечүү процесстерибизди дайыма өркүндөтүп турууга милдеттенебиз. Прогрессибиз тууралуу чын жана ачык-айкын билдирип турабыз.

Башкаруу

Адам укуктары жаатындагы бул саясаттын аткарылышын Викимедиа фондунун Адам укуктары боюнча көп функционалдуу комитети жөнгө салса, күнүмдүк жүзөгө ашырылышы Фонддун бардык бөлүмдөрүнүн улук кызматкерлерине, ошондой эле Викимедиа технологияларын жана өнүмдөрүн иштеп чыккан жана тейлегендерге да жүктөлгөн.

Даттануулар

Викимедиа фонду Викимедиа долбоорлорундагы даттанууларды кароо каналдардын жана механизмдерин баалоону жана өркүндөтүүнү улантууга милдеттенет. Иш-аракеттерибиздин адам укуктарына болгон таасирине тынчсызданган Викимедиа фондунун камкорчулары, кызмат адамдары, кызматкерлер, ыктыярчылар жана көз карандысыз бөдрөтчүлөр Маалымдоо саясатыбыз аркылуу кайрыла алышат. Калган кызыкдар тараптар көйгөйлөр боюнча talktohumanrights@wikimedia.org эл. почтасы аркылуу кайрылышса болот.

Отчёттуулук

Бул саясатты Камкорчулар кеңеши бекитип, анын аткарылышы тууралуу дайыма отчёт берүүгө Аткаруу комитети аркылуу жетекчиликти милдеттендирет. Мындан тышкары, Камкорчулар кеңеши өз курамына адам укуктары жаатында тажрыйбасы бар жок дегенде бир мүчөнү кошууга милдеттенет. Викимедиа фондунун жогорку жетекчилиги жылына кеминде бир жолу бүтүндөй Кеңештин курамына адам укуктары жаатындагы белгилүү бир көйгөйлөр тууралуу жана/же адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрдүн түрлөрү кандай багытта өзгөрүп баратканы тууралуу кабарлап турат. Викимедиа фонду адам укуктарынын сакталышын ар тараптан текшерүүнүн, ыктыярчылар жана негизги тышкы кызыкдар тараптар менен иштешүүнүн жыйынтыгына жараша иштөө ыкмаларын ыңгайлаштырууну улантат.

Көп берилүүчү суроолор

Ушул саясатка тиешелүү көп берилүүчү суроолорго жооптор.