Policy:Privacy policy/Summary/ky: Difference between revisions

From Wikimedia Foundation Governance Wiki
Content deleted Content added
Bosogo (talk | contribs)
No edit summary
Bosogo (talk | contribs)
No edit summary
 
Line 9: Line 9:
</div><br />
</div><br />
<div style="font-size:100%;text-align:left;margin: 4px 10%;">
<div style="font-size:100%;text-align:left;margin: 4px 10%;">
'''Эркин билим кыймылына катышуу үчүн жеке маалыматыңызды ачыктоонун кажети жок деген ойдобуз. Демек, сиз:'''
'''Эркин билим кыймылына катышуу үчүн жеке маалыматыңызды ачыктоонун кажети жок деген ойдобуз:'''
* [[Special:MyLanguage/Policy:Privacy policy#your-account-info|аккаунттуңузду түзбөстөн]] Викимедианын каалаган сайттарын окусаңыз, түзөтсөңүз же колдонуңуз болот;
* [[Special:MyLanguage/Policy:Privacy policy#your-account-info|аккаунттуңузду түзбөстөн]] Викимедианын каалаган сайттарын окусаңыз, түзөтсөңүз же колдонуңуз болот;
* электрондук почтаңызды же чыныгы аты-жөнү көрсөтпөстөн катталсаңыз болот.
* электрондук почтаңызды же чыныгы аты-жөнү көрсөтпөстөн катталсаңыз болот.

Latest revision as of 04:13, 27 April 2024

Викимедиа фондунун Купуялык саясаты
Ушул Купуялык саясатынын кыскартылып берилиши. Толугу менен окуп чыккыңыз келсе, ылдый сыдырыңыз же бул жерди басыңыз.
Эскертме: Ушул кыскартылган берилиш Купуялык саясатынын бөлүгү эмес же юридикалык документ эмес. Ал болгону Купуялык саясатын жалпылап берет. Муну колдонуучулар үчүн ыңгайлуу интерфейс катары кабыл алыңыз.

Эркин билим кыймылына катышуу үчүн жеке маалыматыңызды ачыктоонун кажети жок деген ойдобуз:

  • аккаунттуңузду түзбөстөн Викимедианын каалаган сайттарын окусаңыз, түзөтсөңүз же колдонуңуз болот;
  • электрондук почтаңызды же чыныгы аты-жөнү көрсөтпөстөн катталсаңыз болот.

Викимедиа сайттары кантип колдонулуп жатканын жакшыраак түшүнүп, аларды сизге жакшыртып бергибиз келгендиктен, төмөнкү учурларда маалымат топтойбуз:

Умтулганыбыз:

Эске алынуучу нерселер:

  • Викимедиа сайттарына кошулган материалдарыңыз же түзөтүүлөрүңүз баары жалпыга такай жеткиликтүү болот;
  • эгерде Викимедиа сайттарына материалдарды же түзөтүүлөрдү аккаунтуңузга кирбестен кошсоңуз, ал аракетиңиз аккаунтуңузга эмес, ошол маалда колдонулуп жаткан IP дарекке өзгөртүлбөс жана жалпыга ачык байланат;
  • ыктыярдуу түзөтүүчүлөр жана авторлор жамаатыбыз өзүн өзү көзөмөлдөө жана өзүн өзү башкаруу принциптери боюнча иштешет. Викимедиа сайттарын коргоо жана тийиштүү саясаттардын аткарылышын камсыз кылуу максатында жамаат дайындаган администраторлор соңку түзөтүүлөр тууралуу жабык маалыматка чектелген жетүү мүмкүнчүлүгүн берген куралдарды колдонушат;
  • ушул Купуялык саясаты Викимедиа фонду башкарган бардык сайттар менен кызматтарга, айрыкча, өзүнүн жеке купуялык саясаты бар (Викимедиа дүкөнү сыяктуу) сайттарга же кызматтарга, ошондой эле үчүнчү тараптардын сайттарына же кызматтарына (мисалы, Викимедианын булут кызматтарындагы үчүнчү тараптардын долбоорлоруна) жайылбайт;
  • дүйнө жүзүнө илим-билимди жайылтуу ниетинде, жалпыга ачык, жыйынтыкталган же жекелештирилбеген маалыматты камтыган дамптарды жана маалымат топтомдорун маал-маалы менен жарыялап турабыз;
  • эгерде ушул Купуялык саясатына макул болбосоңуз, Википедия фондун жана башка колдонуучуларды коргоо максатында, Викимедиа сайттарын колдонбой койгонуңуз оң.
Купуялыкка тиешелүү барактар